
Орусиянын Оренбург облусундагы кыргыздар Казак-Орус чек арасы аркылуу өлкөгө кайтып келе жатышат. Учурда алар мамлекеттик чек арадан өтүштү деп билдиришти өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан.
"Оренбург облусунун Бузулук районунда калган 448 Кыргыз жараны Казак-Орус чек арасынан өтүштү. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги менен ардактуу консулдук орус бийлигинин жардамы менен жарандарды "Сагарчын" көзөмөл өткөрмө жайына чейин жеткирүүнү макулдашкан.
Учурда Кыргыз өлкөсүнүн Казакстандагы элчилиги жарандарды 9 автобуска отургузууда. Мекендештер Казакстандын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин коштоосунда Кыргыз-Казак чек арасына чейин жеткирилет. Казакстан Кыргыз жарандары үчүн жашыл коридор уюштуруп берди", - деп айтылат маалыматта.
Тышкы иштер министрлиги Орусияда жүргөн жарандарга кайрылып, Казак-Орус чек арасы дагы деле жабык экенин эскертет.