"Нарында медицина кызматкерлери айлык акысына нааразы" деген билдирүү боюнча республикалык штаб маалымат таратты

Нарында дарыгерлерге Курман айт майрамына карата аванс берилген, август айынын башында эсептөөлөр толук жүргүзүлөт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Социалдык тармактарда "Нарында медиктер төлөмдөргө нааразы. Аларга айтылгандан аз төлөнгөн" деген маалымат боюнча Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков билдирүү таратты.

"Июль айы толук жыйынтыктала элек болгондуктан, Курман айт майрамына карата медицина кызматкерлерине аванс гана берилген. Август айынын башында эсептөөлөр толук жүргүзүлөт", - деди ал.

Буга чейин Нарын облусунун саламаттыкты сактоо мекемелериндеги коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды аныктоо жана аларды дарылоо иш-чараларына катышкан медицина кызматкерлеринин колдоочу кошумча төлөм акысы үчүн жалпы 58 миллион 550 миң 500 сом төлөнүп берилгендиги, анын ичинен июль айы үчүн 1546 кызматкерге 20 миллион 19 миң 900 сом которулгандыгы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан