Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеш коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.
Анда депутат Иса Өмүркулов өкмөт калкты дүрбөлөңсүз тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо ишин улантышы керектигин айтты. "Бул илдеттен сактанып калуу кепилдиги эч кимибизге берилген эмес. Ар бирибиз ооруга каршы күрөшүүнү өзүбүздөн баштап, белгиленген тартипти сактай турган болсок, ооруну жеңебиз. Ал эми өкмөт калкты дүрбөлөңсүз тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо ишин улантышы керек. Ошондой эле учурдан пайдаланып, чайкоочулукка баргандарга жол бербешибиз зарыл. Атайын эсеп ачуу менен каржылык колдоону күчөтүү шарт", - дейт Өмүркулов.