"Футболго кийин деле жетишебиз". FIFPro уюму футбол боюнча Беларусь чемпиондугун убактылуу токтотуп турууга чакырды

FIFPro уюму (Эл аралык Кесиптик футбол ассоциацияларынын федерациясы) футбол боюнча Беларусь чемпиондугун убактылуу токтотуп турууга чакырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Биз Беларусь өлкөсүн дүйнө жүзү көрүп жаткан чараларды колдонууга чакырабыз. Ушундай кырдаалда футболду улантып жатканы бизге түшүнүксүз. Баарыбыз бирдей стандарттарды колдонушубуз керек. Футболго кийин деле жетишебиз", - деп билдирген уюмдун башкы катчысы Йонас Бер-Хоффман.

Маалыматка ылайык, Беларусь өлкөсү Европа чөлкөмүнөн футболду токтото элек жалгыз өлкө. Буга чейин аталган өлкөнүн "Неман" футболдук клубунун күйөрмандары коронавирус пандемиясынан улам чемпиондукту убактылуу токтотуп турууга чакырык ташташкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан