Татарстанда 22-майдан тартып үй жаныбарларынан коронавируска карата тест алууга боло тургандыгы жарыяланды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, жаныбардын ээси Татар аймактар аралык ветеринардык лабораториясына чалса, ветеринарлар үйгө келип анализ алып кетишет.
"Эгерде үй жаныбары COVID-19 илдетине чалдыккан ээси менен байланышта болгон болсо же анда оорунун белгилери - мурун бүтүү, дем алуусунун кыйындашы, жөтөл, ичеги-карын оорулары байкалса жаныбардын ээси ветеринар чакыра алат. Мындай анализдин баасы 1365 рубль", - деп жазылат маалыматта.
Татарстан жаныбарларга карата "Федералдык жаныбарлардын саламаттыгын коргоо борбору" иштеп чыккан тест-системди пайдаланат.