Бүгүн, 3-июнга карата саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус боюнча жаңы жагдайларды айтууда. Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифингде соңку сутка ичиндеги статистикаларды билдирүүдө.
Нарын шаарынын биринчи вице-мэри коронавирусту жуктуруп алганы маалымдалган. Абалы кандай?
Ал айыгып ооруканадан чыккан, учурда үйдө, бир аз көзөмөлдө болот. Мэрия штаттык режимде иштеп жатат.
"Октябрь райондук акимиатынын кызматкерлеринен да коронавирус аныкталган. Алар төртөө, ал эми Свердлов райондук акимчилигинен 1 адамдан оору табылды. Азыр мекемелер көзөмөлдө. Алар ооруканага жаткырылган, байланышта болгондордун баары аныкталып, текшерүү жүргүзүлүп жатат", - деди Нурболот Үсөнбаев.
Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын ичинен үчөөнүн абалы оор. Жалпысынан республикада бул ооруну 1 871 адам жуктуруп алды. Учурда 586 адам ооруканаларда дарыланууда, 1 265 адам оорудан айыгып чыкты.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 1 кызматкерден инфекция аныкталды. Ал Нарын облусунда. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча 365 медкызматкерге COVID-19 диагнозу коюлса, анын ичинен 265 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Өлкө аймагында дагы 3 адам коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.
Айтымында, каза болгондордун бири медицина кызматкери болгон, дагы бири оор жүк ташыган унаанын айдоочусу.
Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 2 бейтап каза болсо, Нарын облустук ооруканасында бир бейтап көз жумду. Маркумдар 59, 55 жана 84 жашта болушкан. Муну менен өлкөдө коронавирустан көз жумгандар 20га жетти.
3-июнга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 26 адамдан аныкталды.
Алар:
Бишкек шаары - 16;
Нарын облусу - 7;
Ош облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 1;
Баткен облусу - 1.
Республика боюнча бул илдетти жалпы 1 871 адам жугузуп алды.
Бир сутка ичинде өлкөдө коронавируска чалдыккан 46 бейтап оорудан айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Муну менен илдетти жалпы 1 265 адам жеңди.