Бир суткада 152 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкек шаарында - 112, Ош шаарында - 10, Чүй облусунда - 12, Ош облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 3, Жалал-Абад облусунда - 4. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 185 миң 31ди түзөт.
Ал эми 53 бейтап илдеттен сакайган.