Президент Аламүдүн жана Биринчи Май райондук сотунун 2 судьясынын ишин мөөнөтүнөн мурда токтоткон жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков райондук соттордун 2 судьясынын ишин токтоткон жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Ага ылайык, мамлекет башчысынын атына Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматтарынан жеке каалоосу боюнча бошотуу тууралуу сунуштар келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы тарабынан төмөнкү судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жарлыктарга кол коюлган:

- Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Берюева Анаркүл Декановнанын;

- Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Субанкулов Адылбек Анарбековичтин.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирери жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан