Бүгүн, 23-майда онлайн брифингде Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров жалпы элди Айт майрамында тартипти сактоо менен үйдө болууга чакырды.
"Жалпы элибизди Айт майрамында дагы тартипти сактоо менен үйдө болууга чакырат элем. Бүгүнкү күндө бизде медицина кызматкерлери профилактикалык дарылануу иштерин жүргүзүп жатышат. Чет өлкөдөн келген жарандар үй көзөмөлүндө. Алар менен медицина кызматкерлери иш алып барууда. Зарыл жумуш болбосо Бишкек, Нарын шаарларына барганды токтото турсак.
Биздин негизги багытыбыз мал чарбачылыгына байланыштуу болгондуктан, малдын асылдуулугун арттыруу, таза кандуу сүт, эт багытындагы уйларды алып келүү боюнча иштерди пландап жатабыз. Ошондой эле тоют өстүрүү, жер семирткичтерди себүү тууралуу маселелерди карап чыгуудабыз. Бүгүнкү күндө тоют маселесин жакшыртуу максатында дыйкандар үчүн эффективдүү жана арзан баада боло турган тоют кызылчасын айдоо пландалууда”, - деди Нурбек Сатаров.