Медицина илимдеринин доктору, профессор Анатолий Альштейн коронавирустук инфекцияны чач аркылуу да жуктуруп алуу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Окумуштуу көп адамдар чач аркылуу да вирус жуктуруп алуу мүмкүн экенин унутта калтырып жатышкандыгын айткан. Чачта вирус 3 суткага чейин сакталат.
Мындан улам окумуштуу чачты байлап, баш кийим кийип жүрүүгө чакырган.
Буга чейин Кытайдын окумуштуулары коронавирус инфекциясы жыныстык жол менен да жугаарын айтып чыгышкан. Шанцю ооруканасында жүргүзүлгөн изилдөөдө 38 эркек кишинин алтоосунун спермасынан вирус аныкталган. Вирус аныкталган адамдар оорудан сакайып чыккан бейтаптар болгон.