Бишкекте №6 шаардык клиникалык ооруканасында 14 коронавируска шектелген бейтап дарыланууда. Алардын 8инин абалы оор

22-майга карата №6 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасында коронавируска шектелген 14 адам дарыланууда, алардын ичинен 8 бейтап оор абалда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бүгүн онлайн брифинг учурунда билдирди.

"8-майдан тарта эпидемиологиялык абал турукташканга чейин этиологиясы тактала элек курч пневмониясы жана башка өнөкөт өпкө оорулары бар оорулуулуларды дарылоо жана диагностикалоо үчүн №6 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасы казармалык-карантиндик режимде иштеп жатат", - деп билдирди мэр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан