Пекиндин базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгы медициналык бет каптардын баасын жогорулаткан шаардагы дарыкананын бирине айып пул салат. Айып пулдун көлөмү 3 миллион юань (30 миллион 208 миң 451 сом) түзөрүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Аталган башкармалык 23-январдан баштап дары-дармектердин, бет каптардын жана башка зарыл болгон медициналык каражаттардын баасын жогорулатып сатып жаткандарды аныктоо максатында, текшерүү жүргүзүп баштаган. 28-январга чейин башкармалык тарабынан 31 мыйзам бузуу катталды.
Мыйзам бузгандардын бири Пекиндин Фэнтай районундагы "Jimin Kangtai" дарыканасынын бөлүмү болгон. Бул жерде медициналык бет каптардын баасы дээрлик 6 эсеге жогорулатып сатылган. Дарыканага административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча билдирүү жиберилгени айтылат маалыматта.
Коронавирустун күч алганына байланыштуу өлкөнүн дарыканаларында 2 апта мурда медициналык каражаттарга, бет каптарга болгон
баа жогорулап жатканы айтылган.