Бүгүн, 24-майга карата Нарын облусу боюнча 25 кишиден коронавирус аныкталды. Алардын баары оорулуулар менен байланышта болгондор. Мындай маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда кабарлады.
"Илдет аныкталган жарандардын көбү оорулуулар менен байланышта болгондор. Нарын облусунда сутка ичинде 25 кишиден илдет аныкталды. Биз инфекция аныкталган бейтаптардын байланыштарын аныктап, издеп, текшерүү жүргүзгөндө тастыкталып жатат", - деди Үсөнбаев.
Мындан тышкары Орусиянын Соль-Илецк жана Санкт-Петербург шаарларынан келген жарандардан дагы илдет аныкталганын кошумчалады.