Республикалык бюджеттен саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерине жана оорунун очогу жайгашкан аймактарда иштөөгө тартылган жактарга 2020-жылдын июль айы үчүн компенсациялык төлөмдөргө кошумча түрдө 430 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган чечим эпидемия очогунда жана ага теңештирилген аймактарда жугуштуу оорулардын козгогучтарын жуктуруп алуунун жогорку деңгээлине байланышкан иштерди аткарган медициналык кызматкерлерге дем берүү максатында кабыл алынган.
Саламаттык сактоо министрлигине 30 миллион сом суммасында;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 400 миллион сом суммада каражат бөлүү тапшырылды.