Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк борбору коронавирустун очокторунун бири. Анын кесепетинен 3 өлүм катталды

Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борбору коронавирустун очокторунун бири. Андан жайылган илдеттин кесепетинен бир башкы дарыгер жана анда иштеген 2 медициналык кызматкердин жакындары каза болушту.

Тактап айтканда, биринчи бейтап №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Ал 2-майда Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында каза болгон. Андан вирус аныкталып, Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына дарылоо үчүн жаткырылган. 26-апрелде эки тараптуу пневмония жана коронавирус диагнозу коюлган. Ошондой эле анын башка өнөкөт оорулары да болгон.

Экинчиси, 15-майда Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында каза болгон. Ал 55 жаштагы эркек киши. Ага эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагнозу коюлган. Андан тышкары, маркумдун өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. Кийинчерээк, маркумдун жубайы №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкери экени, ал дагы вирус жуктуруп алганы Бишкек мэриясынын саламаттыкты сактоо башкармалыгы тарабынан белгилүү болгон.

Үчүнчү өлүм, бүгүн, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында катталып, анда 70 жашында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Мукар Чолпонбаевдин жубайы да коронавирус жуктуруп алганы маалым. Маркумдун аялы Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштегени айтылган.

26-апрелде №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунун 3 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталып, оорукана 1-майга чейин жабылганы кабарланган. 9-майга карата аталган бейтапкананын 15 кызматкери илдетти жуктуруп алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mirkaa5182
2020-05-24 20:37:49
Мукар Чолпонбаев кечээ эле жакшы болуп калды деп атат эле, бүгүн кайтыш болуптурда жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
0
Siren90
2020-05-26 12:16:22
Бул поликлиника Бишкектин кайсы жеринде жайгашкан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан