Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский коронавирус пандемиясынан улам мекенине кеткен орто азиялык мигранттардын кайра Орусияга кайтып келүүсүнө чектөө киргизүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
"Коронавирус инфекциясынын айынан көптөгөн эмгек мигранттары Орусияны таштап кетишти. Келечекте алардын Орусияга кайтып келишин чектөө керек. Азыр бизде жумушсуздар көбөйүшү мүмкүн жана жумуш орундары биринчи кезекте Орусия жарандары үчүн керек", - деген Жириновский.
Анын билдиришинче, орто азиялыктар өздөрүнүн үйлөрүндө жер-жемиш, мөмө-жемиштерди өстүрүп, Орусияга экспорттосо болорун айткан. Орусия алардын өстүргөн продукцияларын алдын ала төлөө менен сатып алганга даяр.