Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүнкү күнгө карата коронавирус аныкталып жаткан бейтаптар буга чейин ооругандар менен байланышта болгондор экенин айтты. Бул тууралуу ал онлайн маалымат жыйында билдирди.
Айтымында, чет өлкөдөн келген мекендештердин ичинен 124үнөн вирус аныкталды.
"Өлкөдө коронавирус катталгандан кийин чет өлкөдө жүргөн жарандарыбызды алып келүү иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө өлкөгө алып келинген жарандардын ичинен 124 адамдан вирус аныкталды.
Чет өлкөдөн келген жарандарга кайрылып, суранат элем. Медициналык, укук коргоо кызматкерлеринин талаптарын аткарып, көрсөтүлгөн эрежелерди сактаңыздар. Тиешелүү иштерден кийин жарандар обсервациядан үй карантинине чыгарылат", - деди ал.