Коронавирус илдетинен каза болгон Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаевдин сөөгү эртең, 25-майда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Маалыматты SUPER.KG порталы маркумдун кызы Нуриля Чолпонбаевага байланышып тактады.
Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи саат 10:00дө болот. Ага жакындары катышат.
Нуриля Чолпонбаева атасы бүгүн, 24-май күнү саат 12:00дө дем ала албай жатып каза болгонун айтат.
"Атам биринчи коронавирусту жуктуруп алды. Андан кийин №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштеген апама жукту. Атам алгач ооруп калгандан кийин антибиотик ичип жатты. Кечээ, 23-майда атама ПЦР-анализ жасаганда таза чыкты. Бул вирус боор, бөйрөктүн баарына ууландыргандан кийин, адам коронавирус илдетинен айыкканы менен аталган органдар жабыркаган бойдон калат экен. Атам өзү дем ала албай калды. Бүгүн, 24-майда саат 05:00дө кан басымы көтөрүлүп, өйдө-ылдый боло берди. Ал эми саат 12:00дө дем ала албай жатып кайтыш болуп калды.
Ал эми апамдын ооруканадан чыкканына 3 күн болду. Эми ал дагы үйдө 14 күн карантинде жатышы керек. Эми азыр ага оор болуп турат, ошого кайра кан басымы көтөрүлүүдө", - деди Чолпонбаева.
Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кийинчерээк бейтапты дарылоо оор өтүп жатканы тууралуу айтылган.
Көп өтпөй Мукар Чолпонбаевдин жубайы да коронавирус жуктуруп алганы маалым болуп, анын Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк медициналык борборунда иштегени айтылган.
Ал эми кечээ, 23-майда Мукар Чолпонбаев коронавирустан айыкканын анын кызы Нуриля Чолпонбаева социалдык баракчасына жазып чыккан.
"Атамда эми коронавирус жок. Биз илдеттин кесепеттери менен күрөшүп жатабыз. Абалы орто, жасалма дем алдыруучу аппарат аркылуу дем алууда. Тамактанып калды. Жакшы болуп баратат. Эми убакыт гана керек", - деген ал атасы тууралуу билдирүүсүндө.