ЭЛДИК КАБАР: "Карантинде ээлигип...". Баткенде блокпостто тургандарды ашата сөгүп, постту сындырып, унаасын айдап кеткен адамдын видеосу

Баткен облусунда блокпостту тосуп турган адамдарды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кызматкерлердин кой дегенине карабай постту бузуп, унаасын айдап кеткен айдоочунун видеосу тарады.

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман окуя Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагында болгонун билдирди.

"Бул айдоочу Кызыл-Кыя шаарында тергөөчү болуп иштеген Б.Н. аттуу кызматкер болчу. Азыркы күндө билбейм. Бул кылганы үчүн кандай жаза алат. ИИМден биз жооп алгыбыз келет. Бул кызматкердин жоопкерчилигин караш керек", - дейт окурман.

Эскертүү видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Bars88
2020-04-02 18:41:29
Карантин башталганы милициялар коптуго.Бири пропуск сатса бири сойкуларды ташыса бири согунуп атса
+15
algakaray
2020-04-02 18:41:53
Токтоосуз камап салгыла. Мындайларды азыр тыя албасан кийин кеч болот.
+13
AidaKurman
2020-04-02 18:49:17
Аллахым озу оорудан сактасын. Уй камагында отурбай эртерээк мурунку жашообузга кайтсак экен. Ушундай тушунугу томон адамдардын айынан канчалаган адамдар кыйналаарын билишет бекен? Ой жугуртуусу жаш баланыкынан да ылдый Адам экен. Менин 5 жаштагы балам сыртта вирус болуп атат уйдо отуруп турам деп тушунуу менен кабыл алып отурат булчу? Окунучтуу.
+9
Liliia
2020-04-02 18:49:56
оолукпай өл.бети жок акмак кантип ушул сөздөр оозунан чыгат тоооба
+12
Qwer007
2020-04-02 18:50:00
Не дешинди да билбейсин. Бизде качан адилеттуулук, чындык орнойт? Ушуга окшогон озун хан сезген, жогоруда отурган тууганына таянган баары тааныш билиш тууган дегендин айынан Кыргызстандан онугуу тартип адилеттуулук жок, билбейм биздин балдардын келечеги кандай болот...?
+9
Avrora2017
2020-04-02 18:57:06
Akyly jok adam eken donuzdai bolup
+5
Asman779
2020-04-02 18:57:56
Ушуга окшогон акмактардын айынан бизде закон иштебейт, ээлеген кызматын атасы алып келип менчиктеп бергендей журушот. Ушундайларды кармап жоопко тартпаса мамлекет онугушу кыйын
+8
Gulya78
2020-04-02 19:07:27
ИИМге дегеле күч түзүмдөрүнө жумушка алууда адамдын мүнөзүнө,адеп ахлагына да көңүл бурулса жакшы болмок, деңгээлдери ушул болсо кантип элди коргошот,буларга ким ишенет!
+5
katerina.li
2020-04-02 19:41:20
69 млн сом чогулду депатат. Анан нормальный пост салып коцбойбу. Уятко алдыгы посттун кебетеси. Ким тоотот анан
0
katerina.li
2020-04-02 19:42:10
Иим эртен бул калп деп чыгат
+2
KalenAlmaz
2020-04-02 20:08:32
Ой азаматтар десе,тим еле блокпостторду койдук дейсинер,алдыгынар жанагы койчунун еле таягы го,дагы чек араны чечишет имиш.
+5
aydinnur
2020-04-02 20:31:25
Бул жерде согунсо да шопурдун айтканы туура,ЧС менен ЧПнын айырмасы асман жер
+1
Zaiyr118
2020-04-02 21:34:14
Ошон учун эл дейт,элдин ичинен ар кандай муноздуу адам чыгат,Кыргызым аман бололу,ынтымакта бололу!!!
+1
nuke-85-85
2020-04-03 20:12:28
Супер инфо согунгон жерлерин очуп койбопсунар да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан