Өткөн суткада Бишкек шаарында 42 адам эмдөөдөн өттү

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 100 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында 42 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен:

  • медицина кызматкерлери - 40;
  • мугалимдер - 1;
  • 65 жаштан жогорку курактагы - 1 адам.

Чүй облусунда 30 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен:

  • Медицина кызматкерлери - 29;
  • 65 жаштан жогорку курактагы - 1 адам.

Ош шаарында 28 адам коронавируска каршы вакцина алды. Баары медицина кызматкерлери.

Белгилей кетсек, Буга чейин эмдөөнү алгачкылардан болуп саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алып, вакцинациялоо Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунда башталды.

Эмдөөнүн этаптарын шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

Белгилей кетсек, өлкөгө Кытай Эл Республикасынан акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасы келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан