"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 345 миңге жакындады

25-майга карата дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 5 миллион 405 миң 29га жетти. Анын арасынан 2 миллион 168 миң 408 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 344 миң 997 адам көз жумду.

АКШда 1 миллион 642 миң 21 адам катталды. Андан 366 миң 736 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы 97 миң 698 адам оорудан каза болду.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 363 миң 211 адам илдетти жуктурган. Оорудан 149 миң 911 адам айыкса, каза болгондордун саны 22 миң 666га жетти.

Орусияда 344 миң 481 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 113 миң 229 бейтап сакайып, 3 миң 998 адам дүйнө салды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан