Бир суткада коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы 4 жаран каза болду. Мындай маалымат менен республикалык штаб тааныштырды. Каза болгондор төмөнкү аймактардан:
Ош облусу – 2;
Баткен облусу – 2.
Республика боюнча аталган илдеттен 1 миң 103 бейтап көз жумду.