Ак-Талаа районуна "Тез жардам" автоунаасы берилди

Кечээ, 29-июлда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы аймактык ооруканасына облустук штабдын чечими менен бир "Тез жардам" автоунаасы берилди. Бул тууралуу маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

Ак-Талаада дарыгерлердин жана "Тез жардам" автоунаасынын жетишсиздиги көйгөйлүү маселелерден болуп келген.

"Облус жетекчиси Эмилбек Алымкуловдун тапшырмасы менен буга чейин аймактык ооруканага үч дарыгер жиберилген. Андан сырткары райондогу эпидемиологиялык абалды координациялоо үчүн облустук оорукананын дарыгери Талант Калдыбаев жиберилип, иш алып барууда.

Мындан сырткары Орусиядан келген дарыгерлер райондогу эпидемиологиялык абалды көрүп, методикалык жардам берип кетишти", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан