Ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык борбору ОРВИнин же коронавирустун белгилерин өзүнөн байкап, ооруга чалдыктым деп шек санаган жарандарга эмне кылуу керектигинин алгоритмин жарыялады. Акыркы он күн аралыгында өлкө аймагында коронавирус илдети аныкталгандардын саны кескин көбөйдү. Буга байланыштуу мобилдик топтордун чакырган жерлерге баруусу өтө ыкчам болбой жатат. Мындан улам жарандар өздөрү да ден соолугуна көз салып туруу зарылдыгы чоң.
1. Эгерде сизде төмөнкүлөрдүн ичинен бир же бир нече белгилер байкалса:
* тамагыңыз ооруп же кычышса,
* жөтөлсөңүз,
* дене табыңыз көтөрүлсө,
* ичиңиз өтсө,
* алсыздансаңыз, тердесеңиз,
* муундарыңыз какшап, булчуңдарыңыз ооруса.
2. Анда төмөнкүдөй аракеттерди көрүңүз:
* Үйдө болуңуз,
* Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонуңуз (мүмкүн болушунча өзүнчө бөлмөдө болуп, үйдөгү кыймылды азайтыңыз),
* Гигиенаны сактаңыз (бет кап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуз, өзүнчө идиш колдонуп, бөлмөнү желдетип туруңуз),
* 118 номерине же үй-бүлөлүк дарыгерге чалыңыз. Сизде болуп жаткан белгилер жөнүндө SMS да жөнөтсөңүз болот.
* муктаждыкка жараша дарыланууну баштаңыз.
3. Симптомдуу дарылоо:
* суюктукту көп ичиңиз (суу, чай, компот),
* дене табыңыз 38,5 °Cден жогору болсо парацетамол же ибупрофен ичиңиз.
4. Башка өнөкөт ооруларды да дарылоону улантыңыз (гипертензия, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, өпкөнүн обструктивдүү өнөкөт оорусу, богок жана башка)
5. Абалыңызга көзөмөл жүргүзүп туруңуз:
* Дене табыңызды өлчөп туруңуз,
* Тамырдын согушун байкаңыз,
* Дем жетишпей жатабы же жөтөл көбөйдүбү көңүл буруңуз.
6. Бул белгилер болсо күн сайын үй-бүлөлүк дарыгерге абалыңыз жөнүндө айтып туруңуз.