Коронавирустук инфекция катталгандан тартып эле дарыгерлер анын белгилери тумоого окшош экенин айтып келишет. АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги "Суук тийгендин, сасык тумоонун жана коронавирустун ортосунда кандай айырмачылыктар бар?" деген суроонун үстүндө топтолгон маалыматты таратып жатат. Ага ылайык, коронавирустун башкы белгилери бул адамдын дене табынын жогорулашы жана кургак жөтөлүүсү болуп саналат.
Күнү-түнү иштөөгө өткөн Бишкектеги поликлиникалар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун ишеним телефондорун билгиңиз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.