Жалпы республикалык тестирлөө 21-июндан 25-июнга чейин өтөт

Жалпы республикалык тестирлөө 21-июндан 25-июнга чейин өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйын учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүш үчүн өлкө боюнча жалпы 180 тест борборлору даярдалган.

"Ал жердеги имараттар дагы дезинфекцияланат жана ар бир бүтүрүүчү жеке каражаттар менен камсыз болуп, социалдык дистанция сакталат. Азыр буга байланыштуу бардык аракеттер көрүлүүдө. Окуучулар 21-июнда тесттин биринчи этабынан өтсө, 22-июнда предметтик тестти тапшырышат. Ал эми 23-июнда бардык тест борборлору дезинфекцияланып, кайра даярдык көрүлөт.

24-июнда тесттин экинчи этабы өткөрүлсө, 25-июнда кайра эле предметтик тесттен сынак болот. Ошондо 25-июнда жалпы республикалык тестирлөө аяктап, 13-июлдан, 19-июлга чейин бардык бүтүрүүчүлөрүбүз сынактын жыйынтыктарын колдоруна алып калышат. Ал эми 21-июлда абитуриенттерге жогорку окуу жайына тапшыруунун биринчи этабы башталат", - деп билдирди Жусупбекова.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан