Бүгүн, 6-июнда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев онлайн маалымат жыйын берди.
Маалыматка ылайык, Талды-Булак район аралык постто дагы бир туннель орнотулганын маалымдады.
“Буга чейин Чоң-Капка чек ара постуна дезинфекциялык туннель коюлган болсо, бүгүнкү күндө Талды-Булак район аралык постто дагы бир туннель орнотулду. Туннелден Талас облусуна кирип бараткан жана чыгып жаткан унаалар менен жарандар өтүшөт. Посттордо абал жеңилдетилген, мурдагыдай 6-7 кызматкер турбастан, ӨКМнын жана милициянын бирден кызматкери көзөмөл жүргүзөт”, - деп билдирди өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев.