Кечээ, 17-апрелде өлкө боюнча 23 адамдан коронавирус аныкталгандыгы маалымдалган. Анын ичинен төрт киши Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлери экендиги белгилүү болгон. Буга байланыштуу борбордун кызматкерлери үйлөрүнө баруудан чочулап, обсервацияга жатууну министрликтен өтүнгөн болчу. Бирок кечирээк, алар 17 саат күтүп, тиешелүү жооп ала албагандыктан өздөрү обсервацияга барышканын айтып чыгышкан.
Бүгүн, 18-апрелде коронавирус боюнча өлкөдө түзүлгөн атайын штабдан бул боюнча маалымат таратты.
"Кечээ, 17-апрелде №17 ҮМБнын төрт медкызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин бардык керектүү чаралар көрүлгөн. Борбор толугу менен дезинфекцияланды, персонал бардык процедуралар аяктаганга чейин, саат 17:00гө чейин борбордо калышы керек болчу. Ошол эле учурда медперсонал менен тийиштүү чаралар жүргүзүлгөн, анализдерди алуу жана аларды обсервацияга жайгаштыруу маселесин чечүү иштери болду.
Белгилей кетсек, аталган борбордун 22 медкызматкери "Ак кемедеги" карантиндик зонага жатуудан баш тартып, аларды "Garden" отелине жайгаштырууну талап кылышкан. Бишкек мэриясы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги бул маселени саат 19:30га чейин чечип, алардын баары "Garden" отелине жайгаштырылган.
Алынган анализдердин жыйынтыгы боюнча маалымат кийинчирээк берилет", - деп жазылат штабдын билдирүүсүндө.