Башкы прокуратура: "Жанар Акаев укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү ишинин жыйынтыгын өзүмдүк кылып алууну көздөп жатат"

"Депутат Жанар Акаев укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү ишинин жыйынтыгын өзүмдүк кылып алууну көздөп жатат" деп бүгүн, 26-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жанар Акаевдин 20-майда жыштык сатуу боюнча билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Мамлекеттик байланыш агенттигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин айрым кызмат адамдарынын коррупцияга аралашканы тууралуу факты 7-апрелде сотко чейинки өндүрүшкө катталган. Депутат Жанар Акаев жыштыктарды кайтарып берүү менен мыйзамдуулукту калыбына келтирүүгө эч кандай тиешеси жок. Жанар Акаев укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын өзүмдүк кылып алгысы келип жатат. Жанар Акаевди элдин өкүлү катары коомчулукка туура маалымат берүүгө чакырабыз", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан