Бүгүн, 3-апрель күнү билим жана илим министри Каныбек Исаков өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу аралыктан окутуу системи жөнүндө жыйын берүүдө. Жыйында министр "Студенттердин контрагынын акчасы эмне болот?" деген суроого жооп берди.
“Эгерде социалдык жактан кыйналган, социалдык жеңилдиктери бар же баланын ден соолугуна байланыштуу контрактты төлөөгө мүмкүнчүлүк болбосо (ар бир окуу жайдын алдында түзүлгөн комиссиянын социалдык пакети бар), окуу жайларга социалдык пакеттин эсебинен пайыздык өлчөмдө жеңилдик берилип, төлөмдүн мөөнөтүн узартуу тууралуу тапшырмалар берилген”, - деди Каныбек Исаков.