Бүгүн коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн аймактарына өзгөчө абал режими киргизилген 6-күн. Көчөдө эркин басып, сейилдегенди сагынгандар четинен чыгары айтпасак да белгилүү. Учурда кырдаал курчуп баратканына байланыштуу эстрада ырчылары элди үйдө отурууга, ден соолукка кам көрүүгө чакырып, үйүндө отуруп, социалдык баракчалары аркылуу концерт коюп баштады.
Ырчы Айпери Кулбаева социалдык тармак аркылуу концерт берген кадимкидей жумуш болуп калганын айтат. Ал күйөрмандарына түз эфир аркылуу ырдап берип жатканына 10 күн болуп калганын билдирген.
27-март күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев Инстаграм баракчасында түз эфирден концерт бергени, эртеси коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын үйүнүн балконуна чыгып ырдаганы тууралуу жазылган.
Андан бери 2 күн бою Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова да Инстаграм баракчасы аркылуу күйөрмандарына жандуу концерт коюп келет.
Түз эфирге чыкпаса да Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков "Жаным" аттуу ырын кавер кылып аткарган.
Кыргыз ырчы мырзалары биригип, "Ден соолук баарынан маанилүү" деген девиз менен "Ден соолук" аттуу ырды аткарышты.
Мырзалардан айымдар кем калмак беле. Кыргыз эстрадасынын ырчы айымдары Элиме тийбегин деген хэштег менен сөзү, обону Маматибраим Бостонкуловго таандык "Тагдыр" аттуу ырды акапелла аткарышты.
Ошол эле ырды ырчы Айпери Кубик кызы атасы Кубик Калыков менен чогуу аткарды.
Ал эми Өктөм Сапар уулу өзүнүн репертуарындагы "Актриса" деген ырын угуучуларына арнаган.