"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасында 560 кызматкер жумушунан кыскарды. Мындай маалыматты мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Ага ылайык, чыгымдарды оптималдаштыруу программасынын алкагында ушундай чечим кабыл алынганын холдингдин башчысы Айтмамат Назаров брифинг учурунда билдирген.
"Биз чыгымдарды гана эмес, ички түзүм менен башкаруу системин дагы оптималдаштырдык. Жыйынтыгында компания 2 миллиард сом чыгымды кыскартканга жетишти. Азыр дагы энергетикалык системде кыскартуулар жүрүп жатат", - деген Айтмамат Назаров.