Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирустан сактанып кантип учурашууну көрсөттү. Бүгүн, 11-июнда мамлекет башчы Ош облусунун Араван районундагы фермердик чарбага барды.
Чарбанын жетекчиси Акбарали Холбеков жумуш менен 26 адам камсыз болуп, чарбанын аянты 2,1 гектар жерди түзөрүн маалымдады.
Ар түрдүү жашылча-жемиш өсүмдүктөрү, анын ичинде инжир, капуста, курма, картошка, коон, сабиз, пияз жана башка өстүрүлөт.
Мамлекет башчысы фермер менен биргеликте отургузулган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн көрүп чыгып, аны менен жер иштетүүдөгү ийгиликтин сырлары жөнүндө баарлашты.
Акбарали Холбеков дыйканчылык менен алектенген ар бир фермер үчүн жер алтындан да кымбат экенин белгилеп өттү.