Москвада ар бир каалоочу коронавируска каршы текшерүүдөн акысыз өтө алат

Бүгүн, 27-майдан баштап Москва шаарындагы ар бир жаран коронавируска каршы тесттен акысыз өтө алат. Бул тууралуу Москва шаарынын мэринин социалдык өнүгүү боюнча орун басары Анастасия Ракова билдирген.

"Бүгүндөн тартып Москва шаардык мэриясынын буйругу менен каалаган ар бир адам коронавирустук инфекцияга каршы акысыз тесттен өтө алат", - деген Ракова.

Анын айтымында, тест тапшыргысы келгендерди каттоо электрондук түрдө гана жүргүзүлөт жана ага эки апта мурун катталыш керек. Ар ким өзүнө жакын клиникаларга катталса болот, ал эми тесттин жыйынтыгы үч күндөн кийин чыгат. Поликлиникалар күнүнө 5 миңге чейин анализ жүргүзүүгө даяр.

Белгилей кетсек, Москва шаарында коронавирус инфекциясы жалпы 171 миң 443 адамдан аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан