Менчик билим берүү уюмдарына окутуу акысынын баасын төмөндөтүү сунушталды

Менчик мектептердин жетекчилерине окутуу акысын төмөндөтүү боюнча сунуштар берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматта өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу менчигинин түрүнө карабай, бардык билим берүү уюмдары окутуунун дистанциялык түрү аркылуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатышканы жана буга байланыштуу министрлик менчик билим берүү уюмдарында окуучулардын тамак-ашына, канцелярдык товарларга жана коммуналдык төлөмдөргө жумшалуучу каражаттар учурда керектелбегендиктен, ошол чыгымдарды окутуу акысынан кыскартууну сунуштаганы айтылат.

"Министрлик бир тараптан коронавируска байланыштуу карантинде отуруп, кирешесиз калган ата-энелердин жана экинчи тараптан ишмердүүлүгү окутуудан түшкөн каражатка байланыштуу болгон менчик мектептердин абалын түшүнүп турат. Ошондуктан менчик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен мектеп имараты үчүн каралган ижаранын суммасын азайтууга көмөк көрсөтүү боюнча көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Ата-энелерди, менчик мектептин жетекчилерин өз ара сүйлөшүү жолу менен эки тарапты канааттандырган ийкемдүү келишимге келүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан