Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 3 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарында эки жана Ош облусунда бир бейтап каза болгон.
Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 390го жетти.