27-майда Москвадагы транспорттордо чектөө чаралары башталгандан бери жүргүнчүлөрдүн рекорддук саны катталды. Бул күнү коомдук жана жеке транспортто жүргөн жүргүнчүлөрдүн агымы 4 миллион 280 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Москва шаардык транспорт башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкен.
Маалыматка ылайык, 27-майда шаардагы метролорго 1 миллион 970 миң адам түшкөн. Бул бир апта мурункуга салыштырмалуу 10 пайызга көп. Ал эми коомдук транспортту 1 миллион 570 миң адам колдонсо, шаардын жолдорундагы унаалардын саны 2 миллион 500 миңге жетип, бир апта мурункуга салыштырмалуу 6 пайызга өскөн. Унаанын ичиндеги адамдардын саны 3 миллион 200 миң адамды түзгөн.
Акыркы маалыматтар боюнча, Москва шаарында жалпы 173 миң 497 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.