Бүгүн Жогорку Кеңештеги жыйында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев пандемиянын кесепетин белгиледи. Ага ылайык, ушул жылы бажы төлөмдөрүнөн түшкөн каражат 14 миллиард сомго аз болушу мүмкүн.
"2020-жылга 19 пайыздык өсүү темпи менен бажы төлөмдөрүн чогултабыз деп пландаганбыз. Ошого карата иш-чаралар түзүлгөн болчу. Азыркы абалга байланыштуу бажы төлөмдөрү, тилекке каршы, 14 миллиард сомго аз болот деп болжолдонуп жатат.
Ага карабастан бажы тармагын автоматташтыруу маселелери өз учурунда жүрүп жатат. Март айынан баштап импорттун келиши кескин түрдө кыскарып кетти", - деди Торутаев.
Ошондой эле ал апрель айында импорт 74 пайызга кыскарганын кошумчалады.
“Бул жылы Бажы кызматын толук санариптештирүүнү аяктоону пландап жатабыз” деди ал.