Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган кафелерге протокол түзүлдү

Бишкек шаарынын санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан санитардык нормаларды сактабастан, иштеп жаткан кафе ээлерине протокол түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкектеги "Уста", "Омар Хаям", "Сырный" жана Дордой базарындагы "Дордой-8" тамактануучу жайларына айып салынды.

"Инспекция тарабынан протокол түзүлгөн бардык кафелер санитардык нормалардын талаптарын одоно бузушкан. Ал жайларда кардарлардын саны 50 адамдан ашып кеткен, талаптагыдай столдордун ортосунда 1 жарым, 2 метр аралык сакталган эмес. Санитардык рейддер дагы улана берет", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, санитардык жана карантиндик эрежелердин талаптарын бузгандарга экинчи категориядагы айып салынат. Ага ылайык, жеке жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу каралган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан