Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина тармагынын 6 кызматкеринен илдет аныкталды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, алар төмөнкү аймактардан:
Бишкек шаары – 2;
Чүй облусу – 2;
Ыссык-Көл облусу – 1;
Талас облусу – 1.
Ал эми бир суткада стационардан – 4, үй карантининен - 5 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча жалпы 4 миң 134 медицина кызматкеринен дарт аныкталып, алардын ичинен 3 миң 975 медкызматкер сакайды.