Коронавирустун жаңы жугуштуу түрү Кытайга дагы жетти

Коронавирустун жаңы жугуштуу түрү (британиялык штамп) Кытайга дагы жетти. Анда COVID-19дун жаңы жугуштуу түрү Пекинде катталды. Бул тууралуу Пекиндин оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун жетекчисинин орун басары Пан Синхо айтканын дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Жазылган маалыматка ылайык, COVID-19дун жаңы жугуштуу түрү Пекинде катталды.

"Жүргүзүлгөн анализдердин натыйжасында 2 адамдан коронавирустун жаңы жугуштуу түрү аныкталды. Вирус аныкталган жарандар сырттан келген болушу мүмкүн", - деген Пан Синхо.

Ошондой эле бийлик өкүлдөрү Дасин районунда жашаган элди 14 күндүн ичинде текшерүүдөн өтүп, башка аймакка чыкпоого чакырышууда.

Кытайдан жалпы 98 миң 415 адам коронавируска кабылган. Анын ичинен 4 миң 801и каза болсо, 91 миң 361 бейтап оорудан сакайган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан