Коңшу Өзбекстандын өкмөтүнүн имараты толугу менен карантинге алынды

Өзбекстанда министрлер кабинетинин бөлүм башчыларынын биринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Мындан улам коңшу өлкөнүн өкмөтүнүн имараты толугу менен карантинге алынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Ал арада Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 17-июнда Кашкадария облусунда болгон. Шаршемби күнү өкмөт башчы жетектеген жумушчу топ экинчи эл аралык сүрөт фестивалына даярдыктар менен таанышуу максатында Шахрисабз шаарына барган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 16-июнда видеоконференция учурунда акыркы эки аптада Ташкентте 482 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталганын жана анын 57синин ооруну жуктуруп алган булагы белгисиз бойдон калганын айткан. Мамлекет башчысы белгилегендей, эгер өлкөдө кырдаал начарлай берсе, анда бир катар шаарлар жана аймактар ​​кайрадан жабылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан