Бүгүн, 29-майда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев онлайн маалымат жыйынын берди.
"Быйылкы жылы кырдаалга байланыштуу бардык иш-чара, мамлекеттик экзамендер онлайн режимде өтүп жатты. Эми 30-майда акыркы коңгуроо дагы онлайн форматта жүрсүн деген Билим берүү министрлиги тарабынан буйрук чыкканы маалым. Бирок ага карабай мектепти бүткөнүнө 10 жыл, 20 жыл болгондор 25-майда чогулууга аракет кылышты. Бирок укук коргоо органдары тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлдү. 30-майда дагы көзөмөл катуу болот. Тартип сакчылары гана эмес мектеп директорлору, айыл башчылары ал күнү кезметте болот. Окуучулардын массалык топтолуусуна жол берилбеши керек. Тартип бузгандарга мыйзам чегинде айып пулдар каралган. Ата-энелерден дагы кырдаалды түшүнүп балдарды көзөмөлдөөгө чакырам", - деди Жылкыбаев.