Бүгүнкү күндө республика боюнча стационардык дарыланууда 508 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 824 бейтап бар.
Республикалык штабдын маалыматына караганда, стационарларда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен:
1 бейтап - канааттандырарлык;
310 бейтап - орто оор абалда;
161 бейтап - оор абалда;
36 бейтап - өтө оор абалда.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдети катталган күндөн тарта жалпы 178 миң 258 адам жабыркады. Ал эми 172 миң 848 адам айыкты.