Шаар жандана баштады. Ухандыктарга метродо жүрүүгө уруксат берилди

Кытайдын Ухан шаарында метрополитен иштей баштады. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта 28-март эртең мененки саат 06:30дан баштап жер астындагы транспорттун бир нече каттамдары иштеп баштаганы айтылат.
"Ухандыктар COVID-19 вирусунун жайылып кеткендигине байланыштуу 2020-жылдын январь айынан баштап изоляцияга алынган. Дээрлик эки ай Кытай жарандары үйдөн чыкпай отурушту.

Ал эми 25-марттан баштап Ухан шаары жайгашкан Хубэй провинциясында карантиндин эрежелери жеңилдетилип, адамдарга сыртка чыгууга уруксат бериле баштаган. Эми минтип метрополитенде жүрүүгө дагы уруксат берилди. Поезддин каттамдары 23:00гө чейин жүрө берет.

Ошол эле маалда ухандыктарга коргоочу медициналык бет кап кийип жүрүү, ал эми кирүү, чыгууда жана каттамдын маршрутун алмаштырууда "саламаттыктын коду" деген аталыштагы текшерүүдөн өтүп туруу талабы коюлду"
, - деп айтылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZUXRIDDIN20
2020-03-28 15:24:59
Олор Карантинде отурганда Кытайлыктар ды көрүп өлүп кетишсин деп айттык эле.
Мына азыр эми Ухандыктарга суктанып жатам
-3
aslonur
2020-03-28 16:29:08
ZUXRIDDIN20, олуп кетишсин деп озун айтсан керекда ошон учун жалгыз озун суктанып жатасын
+2
Aguwa
2020-03-28 16:12:40
Биз качан ушундай абалга келет болдук экен...
-2
rysik79
2020-03-28 16:54:01
Буйруса биз да женебиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан