Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 5;
Ош шаары – 2;
Ош облусунда – 3;
Талас облусунда – 1.
Жалпысынан республика боюнча 3 миң 266 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды.