Кыргыз өлкөсү боюнча обсервацияда 947 адам жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, 11 адамдын абалы оор. Жандандыруу бөлүмүндө 6 бейтеп жатат.
Бүгүнкүгө карата дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Жалпы сан 419га жетти.