Саламаттыкты сактоо министрлиги: "Коронавирус аныкталган бир бейтаптын кайдан инфекция жуктурганы белгисиз болуп жатат" (видео, хронология)

Бүгүн, 31-май күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

2020-05-31 10:14:00

Акыркы суткада 6 медицина кызматкери коронавирус жуктурган. Алар Бишкек шаары, Ош шаары жана Нарын облусунда катталды.

2020-05-31 10:12:00

"Коронавирус аныкталган адамдардын бирөөсүнүн кайдан жуктуруп алганы аныкталбай жатат. Ошого байланыштуу башкаларга да инфекциянын жугуу коркунучу чоң. Андыктан калкты бардык санитардык эрежелерди сактоого чакырабыз", - дейт Үсөнбаев.

2020-05-31 10:09:00

Учурда 562 адам ооруканада дарыланууда. Анын арасынан 12 бейтаптын абалы оор, ал эми 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

2020-05-31 10:06:00

31-майга карата 2 миң 241 адам обсервацияда жатат.

2020-05-31 10:04:00

Бир суткада 26 адамдан коронавирус аныкталды. Анын экөө сырттан келгендер.

Бишкек шаары – 7;
Чүй облусу – 3;
Нарын облусу – 12;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 1.

Республика боюнча: 1 748ге жетти.

2020-05-31 10:02:00

Бир суткада өлкөдө 57 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

Бишкек шаары – 40;
Ош шаары – 7;
Нарын облусу – 10.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан