Өлкө боюнча 2 миң 241 адам обсервацияда жатат, ооруканада 562. Беш бейтаптын абалы оор

Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 2 276 адамга коронавируска карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Биз оору жугузгандар менен байланышта болгондорго эки ирет текшерүү жүргүзөбүз, эки жолу тең анализи таза чыкса үйлөрүнө жөнөтүлөт", - деди Үсөнбаев.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 426 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

"Өлкө боюнча 2 миң 241 адам обсервацияда жатат. Ооруканада дарыланып жаткандарды саны 562, алардын ичинен бешөө жандандыруу бөлүмүндө", - деди Үсөнбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан