Мексикадагы метролордо коронавирустун алдын алуу үчүн сүйлөөгө тыюу салынды

Жүргүнчүлөрдүн арасында коронавирустун жайылышын чектөө үчүн Мексиканын борборундагы метролордо сүйлөөгө тыюу салынды. Жергиликтүү адистердин айтымында, мындай чечим менен адамдан адамга жуккан бул оорунун санын азайтууга болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Мексиканын борбору Мехико шаары учурда Түндүк Америкадагы коронавирус эң көп катталган шаарлардын бири. 1-июндан тарта өлкөдө буга чейин киргизилген айрым чектөөлөр алып салынган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Мексикада коронавирус инфекциясы жалпы 93 миң 435 адамдан аныкталды. 10 миң 167 адам каза болсо, 66 миң 965 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан